Бүгүн, 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум болуп, айыпталуучуларга карата өкүм чыгарылды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, ал мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго 7 жыл 8 ай, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековго 7 жыл 8 ай, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинага 7 жыл 6 ай берилип, сот залынан камакка алуу өкүмү чыкты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодуранова 3 жылга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев 5 жылга, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев 5 жылга, Кундуз Жолдубаева 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.
Мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге мүлкүн мамлекетке алуу менен 15 жыл 6 ай жаза чегерилди.