Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуясы боюнча сот өкүмү чыкты

Бүгүн, 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге өкүм чыкты.

Ал күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Белгилей кетсек, Атамбаев 2019-жылы Батукаев иши боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны кармоодо күч түзүмдөрү тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн. Ошол учурда анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.

Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулуп, эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан