Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү: Депутат Мамашова Улановду колдогондор көп экенине өкүнүчүн билдирди (видео

Кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган Айбек Уланов аттуу жигит жоопкерчиликке тартылбаганына нааразы болду.

"Ошол мырза аялдарга каршы экстремисттик иштерди пропагандалап жатат. Ал экстремизм боюнча камалышы керек болчу. Социалдык тармактарды карагылачы, жөн гана "ужас". Чындап эле аны колдогондор да көп. Кантип өзүнүн балдарынын апасын өлтүргөн адамды коргоп жазып жатышат? Мен аларга түшүнбөйм. Аны эмнеге коё берип салдыңар? Айып пул төлөдүбү?" - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ал боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи.

"Жоопко тартпастан кетирип жиберди" деген чындыкка дал келбейт. Экспертизанын жыйынтыгы менен кандай чечим кабыл алынганын көрөсүздөр", - деди Абдиев.

Буга чейин Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган Бишкек шаарынын тургуну Айбек Уланов милицияга жеткирилип, кечирим сураган видеосу жарыяланган. Анын агасы да 3-июнда кармалганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан