Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү тууралуу билдирүүлөрдү жасаган Айбек Улановдун агасы кармалды (видео)

Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган Бишкек шаарынын тургуну Айбек Улановдун агасы кармалды. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.

Ал Улановдун агасы чалып, өзүн ИИМдин кылмыш уюмдарына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, коркутууга алганын айтты.

"Айбек Улановду жоопко тартуу боюнча кол топтоп жатканыбыз үчүн коркутууга алды. Азыр кармалгандан кийин ал эч жакта иштебегени билинди", - деди Абдыкапаров.

Буга чейин Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган Бишкек шаарынын тургуну Айбек Уланов милицияга жеткирилип, кечирим сураган видеосу жарыяланган.

Белгилей кетсек, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ажал тапканы маалым болгон.

03.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан