Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын сотун ачык өткөрүүнү сунуштады.
"Мындай сот отурумдары ачык өтүшү керек деп ойлойм. Соцтармакта отурган эркектерге кайрылып кетет элем, өзгөчө Жергиликтүү Кеңештин депутаттарына, активдүү блогерлерге, сиздерден сураныч, бирөөнүн өлүмү талкуу болбошу керек. Каза болгон кызга баарыбыздын боорубуз ооруп жатат. Мен ойлойм, укук коргоо органдары бул ишти аягына чейин чыгарат. Орто жолдон "аялдарыбыз өздөрү күнөөлүү" деп айтып жатышат. Бизге, кыздарга мындай сөздөр катуу тийип жатат. Биз эми 17-кылымда жашаган жокпуз да. Ошондой сөздөрдөн алыс бололу. Жаш кыздарыбыз окуп жатышат. Жаман сөз жазгандар да жазасын алышсын. Сот ачык өтсүн деп суранып мага жазып жатышат. Сот отурумдары ачык өтсүн, мен Жогорку Соттун жетекчилигине дагы кайрылам",- деди депутат.
Буга чейин Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган Бишкек шаарынын тургуну Айбек Уланов милицияга жеткирилип, кечирим сураган видеосу жарыяланган. Анын агасы да 3-июнда кармалганы маалым болду.
Белгилей кетсек, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапканы белгилүү болгон.