Томокто изделип жаткан жигиттин сөөгү Чүй дарыясынан табылды. Шектүү кармалды

Токмокто адам өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июнда милицияга 28 жаштагы жигиттин туугандары кайрылып, ал дайынсыз жоголуп жатканын айтышкан. Ал жакындарына мал базарда экенин айткандан кийин байланышка чыкпай калган. Факт каттоого алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлө баштаган. Жыйынтыгында аталган жарандын жоголушуна шек саналып анын таанышы болгон жигит кармалган.

Облустук милиция шектүү аны мал көрөбүз деген шылтоо менен Чүй дарыясынын жанындагы ээн жерге алып барып, ал жактан таанышын бычактап, таш менен ур-токмокко алып өлтүргөнүн белгиледи. Андан соң шектүү анын ичинде 20 миң сому бар барсеткасын алып, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген.

Маркумдун сөөгү бүгүн саат 10:20 чамасында табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Шектүү жигит убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин Чүй милициясы Нарын облусунун Кочкор айылынын тургуну Токмоктогу мал базарга мал сатып алуу үчүн келген боюнча дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан