Чүй облусунда 28 жаштагы Эсен уулу Нурлан аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө Эсен уулу Нурландын туугандары арыз менен кайрылышты. Алардын айтымында, ал 1-июнда Нарын облусунун Кочкор айылынан Токмоктогу мал базарга мал сатып алуу үчүн келген жана ошол күнкү саат 8:00дөн бери дайынсыз болууда.
Нурландын өзгөчө белгилери:
Эгер кимдир-бирөө Эсен уулу Нурлан тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап койсо болот: