Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү тууралуу билдирүүлөрдү жарыялаган Айбек Уланов кайра кармалды (видео

Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жарыялаган Айбек Уланов кармалды. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.

Ал Улановго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча иш козголгонун айтты.

Буга чейин Абдыкапаров анын агасы кармалганын маалымдаган. Юрист Улановдун агасы чалып, өзүн ИИМдин Кылмыш уюмдарына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, коркутууга алганын айткан.

Эске салсак, Бишкек шаардык милициясы 30-майда Уланов кармалганын билдирип, анын кечирим сураган видеосун жарыялаган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалаган.

Бирок коомчулук анын камакка алынбастан коё берилишин сынга алган. Жогорку Кеңештин 3-июндагы тармактык комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев "аны жоопко тартпастан кетирип жиберди" деген маалымат чындыкка дал келбестигин айтып, факты боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыкканда ага карата чечим кабыл алынарын билдирген.

Айбек Уланов 26-майда Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин киши колдуу каза болгон келин тууралуу билдирүү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.

Айбек Уланов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан