Жакында АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынан кеткен ишкер Илон Маск бийликти кайра жаңы бюджеттик долбоорду иштеп чыгууга чакырды.
Анын пикиринде азыркы версия мамлекеттик карызды кыйла көбөйтөт.
"Жаңы бюджеттик долбоор даярдалышы керек. Анда мамлекеттик карызды ири өлчөмдө көбөйтүү болбошу керек", - деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Маск Трамптын администрациясы сунуштаган жаңы бюджет долбоорду сынга алган. Ал долбоор бюджеттин таңсыктыгын олуттуу түрдө 2,5 триллион долларга чейин көбөйтүп, америкалыктарга чыдагыс карыз жүгүн жүктөй турганын белгилеген.
АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы май айында Трамп сунуштаган бюджет боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Анда салыктарды кыскартуу жана коргонуу чыгымдарын көбөйтүү камтылган. Документ азыр Сенатта каралып жатат.