Америкалык миллиардер Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы сунуштаган жаңы бюджет долбоорун сынга алды.
"Мен мындан ары чыдай албайм. Бул эбегейсиз чектен чыккандык. Конгресстин чыгаша боюнча мыйзам долбоору жийиркеничтүү иш. Буга ким добуш берсе дагы уят. Туура эмес кылганыңарды билесиңерби?" - деп жазган ал X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал бул долбоор бюджеттин таңсыктыгын олуттуу түрдө 2,5 триллион долларга чейин көбөйтүп, америкалыктарга чыдагыс карыз жүгүн жүктөй турганын кошумчалады.