Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жарыялаган Айбек Уланов кайра кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Бишкек шаардык милициясы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Уланов кийинчерээк кайрадан түз эфирге чыгып, коомчулукка терс таасирин тийгизген билдирүүлөрдү жарыялап, кырдаалды курчутту.
Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Мындан тышкары, ал Республикалык наркология жана психиатрия борборуна жеткирилип, медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын баңгизат колдонуудан кийинки мас абалында болгону аныкталды.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда юрист Шердор Абдыкапаров Айбек Улановдун кармалганын билдирген болчу.
Буга чейин Абдыкапаров анын агасы кармалганын да маалымдаган. Юрист Улановдун агасы чалып, өзүн ИИМдин Кылмыш уюмдарына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, коркутууга алганын айткан.
Эске салсак, Бишкек шаардык милициясы 30-майда Уланов кармалганын билдирип, анын кечирим сураган видеосун жарыялаган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалаган.
Бирок коомчулук анын камакка алынбастан коё берилишин сынга алган. Жогорку Кеңештин 3-июндагы тармактык комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев "аны жоопко тартпастан кетирип жиберди" деген маалымат чындыкка дал келбестигин айтып, факт боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыкканда ага карата чечим кабыл алынарын билдирген.
Айбек Уланов 26-майда Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин киши колдуу каза болгон келин тууралуу билдирүү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.