Израилдин жардыруусунан улам Газанын түндүгүндө бир да оорукана иштебей калды. Бул тууралуу БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июнда Индонезия ооруканасынын кызматкерлери менен бейтаптары эвакуацияланган.
Дюжаррик соңку үч жумада 100 миңден ашуун палестиналык тургун күч менен жер которууга мажбур болгонун, ал эми ооруканадагы дары-дармек тартыштыгынан улам өлүмдөрдүн көп болуп жатканын белгиледи.
БУУ жардам унааларын Газага жөнөтүүнү улантууда, бирок Израиль ичүүчү суу ташыган айрым унаалардын өтүшүнө уруксат бербей жатканын билдирди.
Газанын ортосундагы Дейр аль-Балах шаарындагы Аль-Акса ооруканасына Израиль армиясы 11 жолу чабуул жасаган. 2023-жылдын октябрынан бери бул оорукана 9 жолу, 2025-жылы 2 жолу бутага алынган.
Эске салсак, Израиль макулдашылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин 18-мартта, Газага кайра чабуул койгон. Ошондон бери 4 335 киши өлүп, 13 300 адам жаракат алды.
2023-жылдын 7-октябрынан бери Газадагы каза болгондордун саны 54 607гө, жаракат алгандар 125 341ге жетти.