Үй-бүлөлүк майрам... Курман айт кантип майрамдалат?

Курман айт – ислам дининдеги эң башкы майрамдардын бири. Бул майрамдын аты түз маанисинде "курмандык майрамы" дегенди билдирет. Ал ыйык Орозо айы бүткөндөн 70 күн өткөндөн кийин майрамдалат. Быйыл бул майрам 6-июнда белгиленет.

Курман айтка чейин жарым айдан ашык убакыт бою мусулмандар Мекке шаарына ажылык зыяратын кылышат. Ислам дининде ар бир мусулман өмүрүндө бир жолу болсо да ажылыкка барууга милдеттүү. Курман айт ажылыктын туу чокусу болуп эсептелип, боорукерликти, кайрымдуулукту жана адам баласына болгон сүйүүнү даңазалайт.

Курман айт майрамынын тарыхы

Көпчүлүгү Курман айт майрамынын келип чыгуу тарыхына кызыкса керек. Жылына бир ирет майрамдалган бул майрамдын келип чыгуусуна кызыгып, муфтияттын халал бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулунан сурадык.

"Курмандык чалуу пайгамбарлардын атасы Ибрагим пайгамбардан башталат. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кудай ага түшүндө аян жөнөтүп, сүйгөн баласын курмандыкка чалуусу керектиги тууралуу эскертет. Муну бир нече ирет көргөн Ибрагим пайгамбар аян экенин түшүнөт. Баласын курмандыкка чалайын дегенде Жараткан ага жандык жөнөтүп, ошол малды соёт. Курмандык чалуунун тарыхы ушинтип башталат", - деди Токтогазы уулу.

Буга чейин Курман айтта кандай мал союуга боло турганы боюнча маалыматтар чыккан. Бул ирет курмандык кайсы күнү союлушу керектигин жана кандай болуп бөлүштүрүү туура экенин тактадык.

"Курмандыкты качан союш керек десек, аны айт намазына барып келгенден кийин айт күнү, анын эртеси күнү, кыскасы 3 күнгө чейин сойсо болот. Эң жакшысы, биринчи күнү сойгон жакшыраак", - деп билдирди Токтогазы уулу.

"Курмандык этин үчкө бөлгөн жакшыраак. Бир бөлүгүн өзүнө, бир бөлүгүн муктаждарга жана калганын келген конокторго бөлүштүрсө болот. Бирок курмандык чалган адам баарын муктаждарга же союлган малдын этин толугу менен конокторго бергиси келсе да, баарын үй-бүлөсүнө калтырам десе да уруксат берилет", - деп кошумчалады муфтияттын Халал бөлүмүнүн башчысы.

Эл арасында курмандык этин муктаждарга берүү адамды ар кандай жамандыктан жана оорудан коргойт деп айтылат.

Ошондой эле Токтогазы уулу карызы бар адамдарга курмандык чалуу милдеттүү эмес экенин айтты. Ал эми мүмкүнчүлүгү бар адамдарга мал союу милдеттүү экенин белгилеп, мындай иш жакшыраак болорун кошумчалады.

Курман айттын таңында мусулмандар эрте туруп, таза жана иреттүү кийинип, жамаат менен мечитке барышат. Ал жерде жамааттык намаз окулат, Куран аяттары угулат жана имам курмандык чалуунун мааниси тууралуу баяндайт. Быйыл борбор калаада айт намазы муфтият, казыяттар тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат.

Курман айт майрамы 3-4 күнгө чейин белгиленет. Бул күндөр туугандарга, досторго баруу, аларды кубантуу жана белек тартуулоо үчүн эң жакшы учур. Ар бир мусулман бул күндөрү үйүнө мүмкүн болушунча көп конок чакырып, аларды даамдуу тамактар менен сыйлоого аракет кылат.

"Биз мусулмандар көп жашаган мамлекет катары бул майрамга көңүл буруп, биздин өлкөдө айт майрамы байкалышы керек. Бул күнү туугандарды, жакындарды зыярат кылып, аларды куттуктап, үй-бүлөлүк шаан-шөкөт менен белгилеген жакшы. Өзгөчө белектерди берип, Курман айттын улуу майрам экенин баса белгилеп өткөрүшүбүз зарыл", - деп билдирди Бактияр Токтогазы уулу.

Эске салсак, эртең 6-июнда өлкөдө Курман айт майрамы белгиленет. Айт намазы мечиттерде саат 7:30да окулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан