Эртең, 28-июнда өлкөдө Курман айт майрамы белгиленет. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, майрамдык шаң орун алат.
Ал эми мүмкүнчүлүгү бар жарандар жандык малды курмандыкка чалышат. Курман айтта кандай мал союуга болот жана этти кантип бөлүштүрүү керек? Бул суроолорго SUPER.KG порталы муфтияттан жооп алган.
- Курмандыкка союла турган малдын жашы канча болуш керек?
- Төөнүн (эркек, ургаачысынын) жашы беш жаштан; бука, уйдун, буйволдун (эркек, ургаачысынын) жашы эки жаштан; кочкордун, соолук койдун, теке, эчкинин жашы бир жаштан кем болбоого тийиш. Бирок алты айлык козунун көрүнүшү чоң болуп, бир жаштан кем эмес көрүнсө, анда курмандыкка жарайт. Бул козуга гана тиешелүү.
- Курмандыкка кандай мал союлат?
Курмандык чалуу ибадат болгондуктан курмандыкка чалынуучу мал эттүү, эч кандай майыптыгы жок болууга тийиш. Төмөндө курмандыкка чалынуучу малдын курмандык кылууга жарай турган жана жарабай турган айыптары көрсөтүлгөн:
* эгерде курмандыкка чалына турган мал толук сокур же бир көзү сокур болсо, же көздөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү көрбөсө анда ал мал курмандыкка жарабайт. Көзү чалыр малды курмандык кылса болот;
* малдын мүйүздөрү түбүнөн омкорулуп алынган болсо, курмандыкка жарабайт. Мүйүздөрү жарымынан сынган, же тубаса токол мал болсо, курмандык кылууга болот;
* тиштеринин көбүрөөгү, же таптакыр жок болсо, андай мал курмандыкка жарабайт;
* мурдунун, же куйругунун үчтөн бир бөлүгү кесилген болсо, андай мал курмандыкка жарабайт, бирок үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы кесилсе союуга болот;
* тили чөп чайнай албай турган деңгээлде кесилген мал да курмандыкка жарабайт;
* кулагы тубаса жок болсо, же үчтөн бир же андан көбүрөөк бөлүгү кесилген болсо, же кулагы узунунан, же түбүнөн айрылып салаңдап турса, анда мындай мал да курмандыка жарабайт. Бирок кулагы тубаса кичинекей болсо, анда жарайт.
* буту аксак болуп, үч буттап калса, анда мындай мал курмандыкка жарабайт. Бирок бир бутунан аксап басууга жараса, же бутунда жара же басылган эн тамгасы болсо, анда жарайт.
* котур мал курмандыкка жарайт, бирок котурлугунун себебинен өтө арык болсо, андай жарабайт.
* өтө алсыз болуп, курмандык чалына турган жерге өзү басып бара албаса, анда курмандыкка жарабайт.
* өзү тоюттана албаган мал да курмандыкка жарабайт;
* жүнү кыркылган мал курмандыкка жарайт;
Курмандыкка чалына турган малдын жогоруда аталган кемчиликтеринин бирөөсү, аны сатып алгандан кийин пайда болсо, анда тартип мындай, эгерде курмандык чалуучу адам кедей (мындайча айтканда, ага курмандык кылуу важиб эмес) болсо, ага ал малды союуга болот. Бирок курмандык кылуучу колунда бардар (нисабга ээ) адам болсо, ал бөлөк мал алып курмандык кылууга тийиш.
Эң жакшы курмандык малы болуп, бычылган, көрктүү жана дени сак мал эсептелет.
- Кандай убакта курмандык кылууга болот?
- Курмандык кылуу убактысы зуль-хижжа айынын (тыюу салынган айлардын бири) 10-күнү башталат да, 12-күнү аср намазына чейин бүтөт. Ушул күндөрдүн кайсы мезгили болсо да курмандыкка мал сойсо болот. Бирок курмандык кылуунун эң жакшы күнү анын биринчи күнү болуп эсептелинет. Курмандыкка малды күндүз да жана жарык жакшы болсо түндөсү да болот. Түндөсү жарык күңүрт, начар болсо курмандыкка мал союу жакшы эмес.
Айт намазга баруу милдеттүү болгон шаардын тургундары, курмандык малын зуль-хижжанын 10-күнү айт намазына чейин сойбош керек. Кимдир бирөө айт намазына чейин союп алса, ал курмандык деп эсептелбейт, жөн эле союлган мал болуп калат, ал адам кайрадан курмандыкка мал союш керек.
Курмандык кылуу важиб болгон адам курман айттын үч күнүндө курмандык кыла албай калса, ал орточо койдун наркында садака берсин. Ал эми ким курмандыкка мал сатып алып, бирок аны союуга үлгүрбөй калса ошол малды садака кылсын.
- Курмандыкка союлган малдын терисин эмне кылуу керек?
- Кимдир бирөө мал сойгон адамга малдын терисин берип койгон болсо, теринин наркын акчалай колунда жок адамдарга берип коюу керек.
Курмандыкка союлган малдын терисин жардамга муктаж (зекет алууга боло турган) адамдарга берип, же терини сатып, аларга акчасын берип койсо болот. Ошондой эле пайдаланууга өзүнө калтырып, же бирөөгө ал бардар? же кедей болсун, белек катары берүүгө болот. Ал эми терини саткан учурда колунда жок (мустахик) адамга гана берилет. Бардар – зекет алууга болбой турган адамга берүүгө болбойт.
- Курмандык кылуунун адептери кандай?
- Курмандыкты соёрдун алдында бычакты жакшылап курчутуп алуу зарыл. Бирок малдын жанында туруп курчутпаш керек. Малды сойгондо эки күрөө тамырын, кызыл өңгөчүн жана кекиртегин кесүү жетиштүү жана сөзсүз милдеттүү болуп эсептелет. Ал эми малдын жаны чыга электе жүлүндөөгө болбойт. Малдын жаны толук чыккандан кийин гана териси сыйрылып, жиликтелет.
Курмандыкка союулуучу малды саап жана жүнүн кыркууга болбойт. Эгерде ким саап сүтүн ичип койгон болсо, саалган сүттүн наркын садакага берип коюу керек.
- Курмандыкка союлган малдын этин эмне кылуу керек?
- Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да же бардыгын таратып жиберүүгө да болот, бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей, муктаждарга жана үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берүү мустахаб (парз, сүннөт деген сыяктуу) болуп эсептелет. Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт. Союлган малдын этин мусулмандарга да, мусулман эместерге да берүүгө болот.