Миллиардер Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоодо анын колдоосу менен жеңишке жеткенин билдирди.
"Мен болбогондо Трамп шайлоодо утулуп калмак. Өкүлдөр палатасы демократтардын көзөмөлүндө болмок", - деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасына.
Мунун алдында Трамп Маск менен мамилеси начарлап кеткенин моюндап, андан көңүлү калганын айткан.
Ак үйдүн башчысы менен ишкердин мамилеси май айынын аягында Маск мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин начарлай баштады. Миллиардер Трамптын администрациясы сунуштаган жаңы бюджет долбоорун кескин сынга алды. Ал долбоор бюджеттин таңсыктыгын олуттуу түрдө 2,5 триллион долларга чейин көбөйтүп, америкалыктарга чыдагыс карыз жүгүн жүктөй турганын белгилеген.