АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген миллиардер Илон Маск менен телефондо сүйлөшүүнү анча каалабай турганын билдирди.
Ал кечээ, 6-июнда ABC телеканалына берген маегинде журналисттин суроосуна "акылын жоготкон адамды айтып жатасызбы?" деп кайра суроо узатты. Андан соң ал азыр ишкер менен сүйлөшүүгө "өзгөчө кызыкдар эмесмин" деп жооп берди.
Ошол эле учурда Трамп Маск өз кезегинде ага телефон чалууну каалаарын билдиргенин белгиледи.
Маск менен Трамптын ортосундагы пикир келишпестик миллиардер социалдык тармактарда сынга алган президенттин сунуштаган мыйзамына байланыштуу тутанган. Өз кезегинде Трамп Маск менен мамилеси начарлап кеткенин моюнга алып, андан көңүлү калганын билдирди. Миллиардер Ак үйдүн башчысын шайлоодо анын колдоосу менен жеңишке жеткенин айтып чыкты.