Түштүк Кореянын жаңы президенти Трамп менен гольф ойной турган болду

Түштүк Кореянын жаңы президенти Ли Чжэ Мён менен АКШнын лидери Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө алар жолугушууну пландап, гольф ойноону макулдашышты. Бул тууралуу Түштүк Корея лидеринин кеңсеси билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Эки өлкөнүн лидерлеринин биринчи телефон сүйлөшүүсү кечээ, 6-июнда болду. Ли Чжэ Мён 4-июнда кызматка киришкен.

Жаңы мамлекет башчынын кеңсеси Трамп Мёнду АКШга чакырганын белгилеген.

"Президенттер эки тараптуу альянсты өнүктүрүү максатында тыгыз байланышта болуу үчүн көп тараптуу платформалар аркылуу болобу, же эки тараптуу сапарлар аркылуу болобу, мүмкүн болушунча тезирээк жолугушууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле лидердин кеңсеси сүйлөшүү достук маанайда ачык өткөнүн маалымдап, "Лидерлер гольф оюну тууралуу сүйлөшүштү жана альянсты бекемдөө үчүн мүмкүн болушунча тезирээк оюн өткөрүүнү макулдашышты" деп билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан