Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо Демократиялык "Тобуро" партиясынын талапкери Ли Чжэ Мён жеңишке жетти. Бул тууралуу Yonhap News Agency басылмасы билдирди.
Маалым болгондой, Ли Чжэ Мён шайлоочулардын добуштарынын 49,4 пайызын алган. Анын негизги атаандашы, "Жарандык күч" партиясынан Ким Мун Су 41,15 пайыз добуш алса, "Реформа" партиясынан Ли Чжун Сок 8,34 пайыз добушка ээ болгон. Эмгек демократиялык партиясынан Квон Ён Гук 0,98 пайыз, көз карандысыз талапкер Сон Чжин Хо болсо болгону 0,1 пайыз добуш алды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жарандардын шайлоого катышуусу 1997-жылдан бери эң жогорку деңгээлге жетип, 79 пайыздан ашкан. Өлкө боюнча жалпы 14 259 шайлоо тилкесинде добуш берүү өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Ли Чжэ Мён 2022-жылдагы президенттик шайлоого да катышып, Юн Сок Ёлго бир пайызга жетпеген айырма менен жеңилген.
Юн Сок Ёль былтыр, 3-декабрда, аскердик абал жарыялоо үчүн армияга парламентти көзөмөлгө алуу буйругун берген. Бул аракет ийгиликсиз болуп, өлкөдө чоң саясий кризис жаралган. 14-декабрда парламент Юнга импичмент жарыялап, 15-январда ал камакка алынган. Ал эми 4-апрелде Конституциялык сот импичментти күчүндө калтырган соң, мөөнөтсүз президенттик шайлоо дайындалган.