АКШ администрациясынын жогорку даражалуу чиновниктери Кытайдын делегациясы менен соода сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасын дүйшөмбү күнү Лондондо өткөрөрүн АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.
"Бул абдан жакшы жүрүшү керек", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
Соода сүйлөшүүлөрүндө АКШ тараптан каржы министри Скотт Бессент, соода министри Говард Латник жана соода өкүлү Жеймисон Грир катышат.
Трамп Air Force One учагынын бортундагы журналисттер менен жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШга сейрек кездешүүчү минералдардын экспортун кайра баштоого макул болгонун айтты.
"Биз Кытай менен келишимде узак жолду басып өттүк жана биз түшүндүрүүнү каалайбыз", - деп кошумчалады президент.
Associated Press белгилегендей, Пекиндин сейрек кездешүүчү металлдардын экспортун токтотуусу бир катар америкалык өндүрүүчүлөрдү кыйынчылыкка салган.
Делегациянын курамы боюнча Кытай тараптан эч кандай комментарий жана билдирүүлөр болгон жок.
Эске салсак, Трамп менен Цзиньпин бейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө АКШ менен Кытайдын лидерлери талаштуу соода маселелерин, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдардын соодасын талкуулашты.
10-11-майда Швейцарияда эки өлкөнүн соода сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы болуп, тараптар тарифтерди өз ара төмөндөтүүнү макулдашкан.