Трамп Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Ал бир жарым саатка созулган сүйлөшүүдө соода маселелери талкууланганын, Украинадагы согуш жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча темалар козголбогонун белгиледи.

"Сүйлөшүү дээрлик соодага арналды. Биз Орусия менен Украина же Иран боюнча эч нерсе талкуулаган жокпуз", - деп жазды ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Украина жана Иран маселеси талкууланганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан