Трамп Илон Маск менен болгон достугу бүткөнүн айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маск менен достук мамилеси аяктаганын билдирди.

Трамп кечээ, 7-июнда NBC News телеканалына телефон аркылуу берген маегинде Tesla жана SpaceX компаниясынын ээси менен болгон чырга комментарий берди.

"Маск менен болгон мамилеңиз бүттү деп эсептейсизби?" деген суроого ал: "Мен ошондой деп ойлойм", - деп жооп берген.

Ошондой эле Трамп Маскты президенттик кызматын сыйлабаганы үчүн айыптап, миллиардер менен мамилесин кайра калыбына келтирүүгө ниети жок экенин баса белгилеген. Ак үй башчысы Маск аны менен конфликтке чыккандан кийин республикачылар бириккенин, ошондуктан ал сындаган бюджет боюнча мыйзам долбоору АКШ Конгрессинде бекитилерине көбүрөөк ишенерин да айткан.

Америкалык лидер эгер миллирдер келерки шайлоолордо Демократиялык партиянын талапкерлерин каржылоону чечсе, олуттуу кесепеттерге туш болорун баса белгилеген. Бирок ал кандай кесепеттер жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган эмес.

Буга чейин Трамп жакында администрациясынан кеткен Маск Ак үйдүн өтүнүчтөрүнө ылайык иштелип чыккан өлкөнүн бюджетинин долбоорун сынга алганына байланыштуу андан көңүлү калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан