АКШнын президенти Дональд Трамп вице-президент Жей Ди Вэнске миллиардер Илон Маскты катуу сындоодон алыс болууну сунуштаган.
The Washington Post басылманын маалыматына караганда, америкалык лидер өзүнүн орун басарын ишкер тууралуу билдирүүлөрдө, өзгөчө социалдык тармактарда сынга алууда жумшак болууга чакырган.
Басылма белгилегендей, Трамптын бул позициясы SpaceX жана Tesla компанияларынын жетекчиси менен мамилени калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Басылманын булагы президент жаңжалды күчөткүсү келбей турганын жана келечекте Маск менен мамиле курууга үмүт артып жатканын айткан.
Бирок Трамп өзү NBC News телеканалына Маск менен достук мамилеси аяктаганын билдирип, аны менен мамилесин кайра калыбына келтирүүгө ниети жок экенин айткан болчу.
Белгилей кетсек, The War Zone басылмасы Пентагон чалгындоо, байланыш спутниктерин учуруу жана Трамп тарабынан коюлган "Алтын купол" ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүү үчүн Масктын SpaceX компаниясына абдан көз каранды экенин жазган.