Фотограф Эржан Кадырбеков Instagram баракчасы аркылуу кечээ, 7-июнда уулдуу болгонун билдирди.
"Жараткандын колдоосу, ата-энебиздин ак батасы менен бүгүнкү күн биздин жашообуздун эң бактылуу барагын ачты. Биз уулдуу болдук! Кубанычыбыз чексиз!
Бул кубанычты биринчи кезекте өмүр бою жанымда болгон боорукер жана күчтүү жарым Акеркеме арнайм. Рахмат, сага берекем! Сенин чыдамкайлыгың жана сүйүүң биздин үй-бүлөнүн негизги таянычы болду. Бул бакытты ар бириңиздерге да каалайм!" - деп жазды ал.
Эске салсак, Кадырбеков былтыр сентябрь айында үйлөнгөн.