Бишкекте кечээ, 10-сентябрда фотограф Эржан Кадырбековдун үйлөнүү тою болуп өттү. Бул тууралуу жакындары, чыгармачылыктагы кесиптештери социалдык тармакта сүрөт, видео жүктөп, эки жашка каалоо-тилектерин жазышууда.
Фотограф 5 күн мурун сүйүктүүсүнүн колун сурап, "макул" деген жооп алган. Ошондой эле нике кыйылганын дагы жазган эле.
"Никебиз түбөлүктүү болсун, берекем! Сиздер бата берип, дуба кылып коюңуздар", - деп жазган ал.