Илон Масктын атасы уулу Ак үйдө иштегенден кийин ооруп калганын айтты

SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын атасы Эррол Маск уулу травматикалык окуядан кийинки стресс (ПТСР) менен ооруганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Илон Ак үйдө иштегенинен улам ПТСР менен жабыркап жатат. Дональд Трамптын кайра шайланышына жардам берүү - чоң катачылык болгон деп эсептейт", - деди Эррол Маск Москвада өткөн форумда.
Буга чейин Илон Маск менен Дональд Трамптын ортосунда социалдык тармактарда сөз тирешүүлөр болгон. Маск Трампты сындап, анын иш-аракеттерине каршы пикирин билдирген. Өз кезегинде Трамп Маск менен мамилеси начарлап кеткенин моюнга алып, андан көңүлү калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан