Жогорку Кеңеш порнографиялык сайттарды бөгөттөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Документ коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигине таратууга тыюу салууну жана аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартууну сунуштайт.

Демилгечи депутаттар Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Жалолидин Нурбаев, Талант Мамытов, Карим Ханжеза, Алишер Козуев, Айбек Маткеримов, Камила Талиева, Таалайбек Масабиров, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Сүйүнбек Өмүрзаков, Советбек Рустамбек уулу, Бекмурза Эргешов, Аккулу Бердиев, Бактыбек Чойбеков, Эрнис Айдаралиев, Элдар Абакиров, Бакыт Тентишев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, Эрулан Кокулов, Лейла Лурова, Шарапаткан Мажитова, Мурадил Сыдыков, Жумабек Салымбеков, Азамат Исираилов.

Эске салсак, аталган мыйзам Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында биринчи окууда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан