Кызуу талкуу болду... Жогорку Кеңеш порнографиялык сайттарга тыюу салуу мыйзамын 1-окууда жактырды

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев жашы жете электерге мындай мүнөздөгү сайттарга кирүүнү чектеген мыйзам бар экенин белгилеп, дагы бир мыйзамдын кажети жок экенин айтты. Ал чоң адамдар үчүн порнографиялык сайттарды бөгөттөбөй деле койсо болот дейт. Эл өкүлү анткени сайттардын бөгөттөлүшүнө карабастан VPN аркылуу кирүүлөр боло берет деген пикирде.
Мыйзам долбооорунун демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев жаш курагына карабастан жалпы эле тыюу салуу керектигин белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Аккулу Бердиев порносайттардын айынан өлкөдө балдардын төрөлүүсү азайып кеткенин билдирип мыйзамды колдой турганын айтты. Ошондой эле ал порнографиялык контенттерди көрүү ислам дининин баалуулуктарына да туура келбестигин кошумчалады.
Депутат Исхак Масалиев порнографиялык мазмундагы сайттарга тыюу салуунун механизмдерин так иштеп чыгууну сунуштады. Эл өкүлү мындан тышкары кыргыз маданиятына туура келбей турган бир жыныстагылардын үйлөнүшүнө да тыюу салууну сунуш кылды.
Жыйынтыгында аталган мыйзам депутаттар тарабынан каршы добуш берилбестен колдоо тапты.
жыйын 4.6.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан