Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү шылуун Абдулла Юсупов жана анын шериктери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып мыйзамсыз иштерди кылган.
"УКМК тарабынан боло турган текшерүү-тинтүүлөрдү жолотпоо үчүн кепилдикти убадалап, ири жер тилке ээлерин, жерлерин тез аранын ичинде өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлаган. Кайра ошол жерлерди базар баасында үчүнчү жактарга сатып жиберип, сатуудан тушкөн акчаларды өз кызыкчылыгына иштеткен",- деп айтылат маалыматта.
УКМК ал шериктери Х.З. жана Т.М. менен биргеликте убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Юсупов буга чейин мародёрчулук, талап-тоноо, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.