Москва-Баку жаңжалы: Эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууга эмне себеп болууда? 

Кечээ, 1-июлда Азербайжанда 10 орусиялык жаран кармалды. Интернетке тараган видеолордо кармалгандардын көпчүлүгү катуу сабалганы көрүнүп турат. Орусиялыктардын кармалышы Екатеринбургда азербайжан жарандары массалык түрдө кармалгандан кийин башталды. Бакунун айтымында, Орусиядагы кармоо учурунда эки азербайжандык каза болгон, алар зордук-зомбулуктан улам көз жумган болушу мүмкүн.

Ал арада кечээ, 1-июлда Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Азербайжанда кармалган орусиялык жарандар боюнча билдирүү жасап, мындай чаралар жалпы кабыл алынган нормаларга жана эрежелерге таптакыр туура келбей турганын баса белгиледи.

"Агентство" басылмасы кабарлагандай, Азербайжанда кармалган адамдардын бири - үй кызматтарын көрсөткөн Airo онлайн-сервисинин тең кожоюну Антон Драчев. Басылманын маалыматына караганда, анын апасы уулунун кармалганын ырастаган. Ошондой эле чек ара кызматтарынын базасына ылайык, ал 2022-жылдан бери Азербайжанга бир нече жолу барган.

Екатеринбургдагы E1.ru басылмасы дагы бир кармалган адамдын ысымын атады. Ал Александр Вайсеро экени жана Азербайжанга эс алууга барганы айтылууда.

"База" телеграм-каналы болсо дагы бир кармалган адам - Череповец шаарынан келген Сергей Софронов экенин айтууда. Софронов 2022-жылдын күзүндө жарыяланган мобилизациядан кийин Орусиядан чыгып кеткен.

Кечээ, 1-июлда Азербайжандын расмий APA агенттиги Баку соту сегиз орусиялык жаранды төрт айга камакка алганын кабарлады. Алар Ирандан баңги зат ташуу жана кибер-шылуунчулукка айыпталууда.

Екатеринбургда ошол эле маалда жергиликтүү азербайжан диаспорасынын башчысы, "Азербайжан-Урал" уюмунун жетекчиси Шахин Шихлинский да кармалган. Анын унаасын көчөдө токтотушуп, күч кызматкерлери терезелерин балка менен талкалап, ичиндеги жүргүнчүнү сыртка чыгарып, колуна кишен салышкан.

"База" телеграм-каналы кабарлагандай, Шихлинский бир нече күн мурун Сафаров бир туугандары өлтүрүлгөн рейд маалында суракка алынган. Анын уулу маалымдагандай, кармалгандан кийин атасын Тергөө комитетине алып кетишкен. Көп өтпөй Шихлинскийдин күбө катары сурак берип чыккандан кийин бошотулган.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы Орусиянын укук коргоо кызматкерлери тарабынан эки азербайжан жаранынын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козголгонун билдирди. Азербайжандын экспертизасы көрсөткөндөй, Зияддин жана Гусейн Сафаров аттуу бир туугандар денесине келген жаракаттардан улам посттравматикалык шоктон каза болушкан. Ал эми Орусиянын Тергөө комитети бир туугандардын бири жүрөк оорусунан каза болгонун билдирди.

Эске салсак, 27-июнда эртең менен Екатеринбург шаарында мурда жасалган кылмыштарга шектелип, азербайжан улутундагы адамдар кармалган. Азербайжандын прокуратурасы билдиргендей, алар кармоо учурунда жана алып баруу маалында катуу токмоктолуп, сабалган.

Орусия тарап бул адамдар 2001, 2010 жана 2011-жылдардагы буйрутма менен жасалган киши өлтүрүүгө шектелип кармалганын билдирген. Бирок кармоо учурунда Сафаров бир туугандар каза болуп, дагы бир нече адам ооруканага жеткирилген. Бул окуя Баку менен Москванын мамилесинин кайрадан чыңалуусуна алып келди.

Азербайжанда орусиялык маданий иш-чаралар токтотулуп, Баку шаарындагы Орусиянын «Спутник» агенттигинин кеңсесинен эки кызматкер кармалганы тууралуу маалымат тараган.

30-июнда Сафаров бир туугандардын сөөгү Баку шаарына жеткирилип, шейшембиде Агжабеди районундагы айылдык мүрзөгө ата-энесинин жанына коюлган.

Азербайжандык соттук-медициналык эксперттер сөөктү изилдеп, өлүмдүн себеби дене жаракаттары экенин аныкташкан. Прокуратуранын маалыматы боюнча, 60 жаштагы Гусейн Сафаров Екатеринбургдун ички иштер бөлүмүндө, ал эми анын 55 жаштагы иниси Зияддин Сафаров кызматтык унаада өлтүрүлгөн.

Азербайжанда жүргүзүлгөн экспертиза Гусейн Сафаров сом түтүкчөлөрдүн жана жети-сегиз кабыргасынын сынуусунан улам, посттравматикалык жана кан жоготуу шокунан каза болгонун аныктаган. Анын иниси да окшош жаракаттардан улам көз жумган.

Азербайжан прокуратурасы атайын мыкаачылык менен жасалган топтук киши өлтүрүү, кыйноо жана кызмат абалынан аша чапкандык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Екатеринбургдагы сот Сафаров бир туугандар менен байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Азербайжан тектүү дагы эки адамды камакка алды: Бакир Сафаров жана Ахлиман Гянджиев. Сот алардын камак мөөнөтүн 19-июлга чейин белгиледи.

Ошондой эле Аяз, Акиф жана Мазахир Сафаровдор 29-июнда чейин камакка алынды.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Азербайжанда орус маданий иш-чараларынын токтотулушун жана азербайжан парламент делегациясынын Москвага сапарынын жокко чыгарылышын сынга алды.

"Бул чечимдерге өкүнөбүз. Окуялар укук коргоо органдарынын иши менен байланыштуу, алар мамлекеттер аралык мамилелерге таасир этпеши керек",- деди Песков.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдиргендей, Екатеринбургдагы кармоолор боюнча Баку тарапка зарыл болгон түшүндүрмөлөр берилген.

Бүгүн, 2-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандан “Спутник Азербайжан” агенттигинин кызматкерлери Игорь Картавых менен Евгений Белоусовду бошотууну талап кылды. Бул боюнча Азербайжандын Орусиядагы элчиси Рахман Мустафаевге нота тапшырылганы маалымдалды. Орусиянын ТИМинин орун басары Михаил Галузин да Баку тараптын акыркы кадамдарын “достукка каршы иш-аракеттер” деп атап, эки тараптуу мамилелерди бузуу аракети катары баалады. Ошол эле учурда Галузин Екатеринбургдагы кармоо учурунда орус күч органдары ыйгарым укуктарынан ашпаганын билдирди.

Орусия тарабынан берилген нааразылык нотасынан бир нече саат өтпөй, Бакудагы сот Игорь Картавых менен Евгений Белоусовду 4 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга карата алдамчылык, мыйзамсыз ишкердик жана кылмыш жолу менен алынган мүлктү адалдоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү азербайжан басылмалары маалымдагандай, Sputnik Азербайжан агенттигинде иштеген 7 адам кармалган, алардын баарына кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, 1-июлда Азербайжан басылмалары Бакуда Орусия жарандары кирген эки кылмыштуу топ кармалганын жазышты. Trend жана Report агенттиктери ИИМ тараткан фото жана видеолорду жарыялашкан. Кийинчерээк кармалгандар сотко жеткирилгени, орусиялыктар катуу сабалганы көргөзүлгөн жаңы сүрөттөр жарыяланды.

Эске салсак, Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы мамиле былтыр, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөндөн кийин солгундаган. Учактагы 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн моюнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан