Илхам Алиев: Орусия кечирим сурап, күнөөлүүлөрдү жазалап, компенсация төлөшү керек

Бүгүн, 29-декабрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев азербайжан телеканалына маек куруп, Актауга жакын жерде кыйраган учак трагедиясы боюнча комментарий берди. Ал 27-декабрда азербайжан тарап өз талаптарын Орусияга расмий түрдө билдиргенин айтты.

"Бул талаптардын маңызы эмнеде? Биринчиден, Орусия тарап Азербайжандан кечирим сурашы керек. Экинчиден, күнөөсүн мойнуна алышы керек. Үчүнчүдөн, күнөөлүүлөр жазасын алып, жоопко тартылышы керек, Азербайжан мамлекетине жана жабыркаган жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнө компенсация төлөнүшү керек. Алардын биринчиси кечээ аткарылды", - деди Алиев.

Ал белгилегендей, бул шарттардын баары адилеттүү.

"Бул жерде өзгөчө же табияттан тышкаркы эч нерсе жок. Алар эл аралык практикага жана адамдын нормалдуу жүрүм-турумуна негизделген. Болду. Мен дагы бир жолу кайталайм, азербайжан коомчулугу бул иштин бардык аспектилери боюнча маалымдалат жана кабардар болуп жатат. Бул шарттар, мен жогоруда айткандай, сиздер аркылуу коомчулукка жеткирилип жатат. Мен биздин шарттар кабыл алынат деп үмүттөнөм", - деп жыйынтыктады Азербайжандын президенти.

Белгилей кетсек, кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүү учурунда Azaerbaijan Airlines учагы менен болгон трагедиялуу окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан