Маймылга тамеки чектирткен орусиялык мушкер кыз кечирим сурады (видео

Мушкер Анастасия Лучкина Крымда орангутан менен вейп чеккен кырдаал үчүн кечирим сурады.

"Тилекке каршы, мен жакында эле адепсиз жорук жасап, видеону интернетке жайгаштырдым, буга азыр чын жүрөктөн өкүнүп жатам", - деди ал.

Лучкина ошондой эле өзү тамеки тартпастыгын айтты.

"Өзүм спирт ичимдиктерин ичпейм, тамеки чекпейм, он жылдан бери спорт менен машыгып, мелдештерге катышып келем. Өкүнүчтүүсү, хайптын артынан түшүп, ушул видеону жарыяладым. Мага чейин зоопарктын башка коноктору да маймылга тамеки чектиришкен. Мен алардан көрүп, камерага түшүрүп койгом. Мындай абал кайталанбайт деп убада берем. Мен өзүмдү спортсуз элестете албайм", - деп кошумчалады спортчу кыз.

Буга чейин интернет желесинде анын Крымдагы "Тайган" зоопаркында орангутанга вейп чектирип жаткандагы видеосу тараган.

02.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан