13-январда ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде “Мыкты машыктыруучу” наамын “Бавариянын” мурунку башкы машыктыруучусу Юпп Хайнкес алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Юпп Хайнкесс бул наам боюнча талапкерлер Юрген Клопп менен Алекс Фергюсонду артка таштады. Өткөн жылдын эсебинен ал “Бавария” менен УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Германиянын Бундес лигасын жана Германиянын кубогун уткан.
Сыйлык алып жатып “Машыктыруучулук карьерамды аяктап жатканда алган сыйлык мен үчүн чоң мааниге ээ. Мен 10 жыл мурун мындай бийиктикти кыялданган да эмесмин. Андыктан терең ыраазычылык билдирем” деди.
Эске салсак, “Мыкты машыктыруучу” наамы 2010-жылдан бери тапшырылып келет. Наамды алгач 2010-жылы “Интер” менен УЕФАнын ЧЛсын уткан Жозе Моуринью алган. Андан соң “Барселонаны” болуп көрбөгөндөй мыкты командага айланткан Хосеп Гвардиола алса, 2012-жылы сыйлык ээси Испания курама командасы менен Европа чемпиондугун уткан Висенте дель Боске болгон.