Кечээ, 13-январь түнү Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын версиясы боюнча өткөн жылдын “Мыкты футболчусуна” ыйгарылуучу “Алтын топ” байгеси өз ээсин тапты. Анын ээси мадриддик “Реалдын” жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду болду. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “Мыкты футболчуну” аныктоого ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин капитандары, башкы машыктыруучулары жана журналисттер катышышты. Добуштардын негизинде Криштиану Роналду аргентиналык Лионель Мессини жана франциялык Франк Риберини артка таштады.
Ушуну менен португалиялык футболчу карьерасында 2-ирет ФИФАнын версиясы боюнча “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталып, “Алтын топ” байгесине ээ болуп жатат. Буга чейин ал бул сыйлыкка 2008-жылы татыган.