Кечээ, 14-июлда Парижде Бастилияны алуу күнүнө арналган аскердик парад өттү.
Парад башталар алдында Франциянын бринчи айымы Брижит Макрон президент Эммануэль Макронго колун сунду. Анын бул ишаратын көпчүлүк элдешүү белгиси катары чечмелешүүдө.
Айта кетсек, жубайлардын ортосунда бир топ талкуу жараткан окуялар болгон. Алардын бири Макрон жубайы менен бирге Улуу Британияга иш сапары менен барган учурда орун алган. Анда өлкө башчысы учактан түшүп келе жаткан Брижитке сунган колу жоопсуз калып, ыңгайсыз абалда калган болчу.
Интернет желесинде Брижит Макрондун Улуу Британияда Эммануэль Макронго кош көңүл мамиле кылган учурдун дагы видеосу тарап, талкуу жараткан. Daily Mail басылмасы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактарына таянып, Брижит Макрондун маанайсыздыгына анын эжесинин каза болгону себеп экенин жазып чыккан.
Май айында Макрон жубайы менен Вьетнамга барганда да адаттан тыш окуя болгон. Анда учактын эшиги ачылганда Макронду жубайы жакка чаап жиберген.
Кошумчалай кетсек, 14-июль Францияда 1789-жылы Бастилия чеби алынганын белгилеген улуттук майрам. Бул окуя Улуу Француз революциясынын башталышы болгон.
1790-жылы Бастилияны басып алуунун биринчи жылдыгында Парижде улуттук жарашуу майрамы өткөн. 1880-жылдан тарта 14-июль расмий түрдө улуттук майрам болуп калган.