Франциянын президенти Эммануэль Макрон жубайы Брижит менен жөн эле тамашалашканын айтты.
Чет элдик басылмалар белгилегендей, ал "жубайым экөөбүз жөн эле тамашалашып жатканбыз" деген. Макрон ошондой эле интернетке тараган видеого "геопланетарлык катастрофага айланып баратат" деп комментарий берип, буга таң калып жатканын белгилеген.
Айта кетсек, кечээ, 26-майда интернетте Франциянын президенти Эммануэль Макронду жубайы Брижиттин жаакка чаап жибергени тартылган видео тараган. Окуя 25-майда француз лидери жана анын жубайы Вьетнамга мамлекеттик сапары менен барганда болгону маалым болгон.