Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага караштуу Учар айылындагы Сатиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерип чыкты.
Ал жолду оңдоо иштеринин жай жүрүп жатканына нааразы болуп, тиешелүү кызматтын жетекчисине эч кимге эмгек өргүү бербөөнү тапшырды. Мэр буга президент Садыр Жапаровду мисал келтирди.
Ошондой эле Токторбаев тишелүү кызматкерге мэриянын имаратындагы кондиционерлерди бир күнгө өчүрүүнү да буйруду.
"Бүгүн кондиционерлердин баарын өчүрүп койгула. Ага ылайыктуу иш кылышкан жок. Баары кондиционери жок кабинетте отурсун. Алардын аткарган жумушуна караганда кондиционердин светине көп акча кетип калып жатат",- деди ал.