Бүгүн, 15-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага караштуу Учар айылындагы Сатиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерип чыкты.
Текшерүү учурунда ал жолду оңдоо иштеринин жай жүрүп жатканына нааразы болуп, тиешелүү кызматтын жетекчисине эч кимге эмгек өргүү бербөөнү тапшырды. Мэр буга президент Садыр Жапаровду мисал келтирди.
"Бирөөнө отпуска жок. Түшүндүңүзбү? Керек болсо президент отпуска албай иштеп жатат",- деди ал.