Сокулукта эл ташыган автобустун 39 жаштагы айдоочусун сабоого шектелип кармалгандардын бири камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Буга чейин Чүй милициясы аталган факт боюнча 26 жаштагы бир жана 20 жаштагы эки жигит кармалганын маалымдаган.
Облустук милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынган шектүүлөрдүн бири коё берилип, экөө камакка алынганын белгиледи. Кийин кайра сот алардын бирине да майыптыгына байланыштуу электрондук билерик тагуу менен бошоткон чечим чыгарган. Натыйжада кармалгандардан бирөө гана камакта калтырылган. Бирок милиция кайсы жаран камакта калганын маалымдаган жок.
Иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүй милициясы ошондой эле жабырлануучуга аймактык ооруканада талаптагыдай эмес медициналык жардам көрсөтүлгөнү боюнча жазылган арыздын негизинде иликтөө иштери башталганын кошумчалады.
Эске салсак, 13-июлда Кожомкул айылынын Комсомольская көчөсүндө №9 автобустун айдоочусун үч жүргүнчү сабап салганы маалым болгон.
SUPER.KG порталы айдоочуга жолугуп, анын ден соолугу жана окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат алган. Жабырлануучунун айтымында, чыр накталай эмес төлөмдүн айынан келип чыккан.