Сокулук районунда эл ташыган автобустун 39 жаштагы айдоочусун сабоого шектелгендер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү делгендердин бири 26 жашта болсо, экөө 20 жаштагы жигиттер. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип суракка алынган.
Облустук милиция дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен алардын аракетине юридикалык баа берилерин белгилеп, учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 13-июлда Кожомкул айылынын Комсомольская көчөсүндө №9 автобустун айдоочусун үч жүргүнчү сабап салганы маалым болгон.