Бүгүн, 23-июлда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Даринская көчөсүнүн №1Б дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик маалымат түшөрү менен жерине саат 19:40та 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөнүн, кийинчерээк дагы кошумча 2 күжүрмөн эсеп тартылганын белгиледи.
Ошондой эле аталган даректе штаб жана автошаты иштеп жатат.