Бишкектин Биринчи май райондук соту 17 жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө шектүү Э.Б.га карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды.
Белгилей кетсек, борбордо 2024-жылдын ноябрь айында үрөй учурган окуя катталган. Анда 1972-жылы туулган Э.Б. аттуу жаран BMW X5 үлгүсүндөгү унаа менен 17 жаштагы өгөй кызын уурдап кеткен. Кийин өспүрүм кыздын сөөгү Чүй облусунун аймагынан табылган. Ысык-Көл облусунун аймагынан шектүүнү кармоо учурунда ал өз жанын кыюуга аракет кылган.