"Кызды уурдап, өлтүрүп". Милиция Чүйдө үрөй учурган кылмыш катталганын айтты

Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран Ысык-Көл облусунда кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 30-октябрда милицияга 1981-жылы туулган М.Б. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызында ал 2007-жылы туулган кызын өзүнүн жолдошу BMW X5 үлгүсүндөгү унаа менен уурдап кеткендигин билдирген. Уурдаган жаран кыздын өгөй атасы болгон. Бул фактыны ички иштер министри Улан Ниязбеков өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө адам уурдоого шектелген 1972-жылы туулган Э.Б. аттуу жаран башка үлгүдөгү унаа менен Ысык-Көл облусунун аймагында кармалган. Аны кармоо учурунда өз жанын кыюуга аракет кылган.

Ошондой эле ал уурдаган кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөндүгү аныкталган. Кыздын сөөгү Чүй облусунун аймагында табылган.

Бул факты боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, шектүү СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан