Бишкек шаарынын мэри болуп Кубанычбек Кулматов шайланды. Аны шаардык кеңештин 41 депутаты колдоду. Эки бюллетень жараксыз деп эсептелинди.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинде КСДП (21), “Республика” (11), “Ата Мекен” (7), “Замандаш-Современник” (6) жалпы 45 депутат бар. Ал эми добуш берүүгө 43 депутат катышты.
Кубанычбек Кулматов 1963-жылы 14-февралда Бишкек шаарында туулган. Тарых илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.Ал Кыргыз мамлекеттик, Ленинград, Москва мамлекеттик университеттеринде тарых адистиги боюнча, Арабаев атындагы мамлекеттик университеттен менеджмент боюнча билим алган. Адегенде илим, ишкердик жаатында эмгектенип, бажы тармагына 2004-жылы келген.
Кыргызстандын Бажы кызматын бир топ жыл башкарган жетекчи катары таанымал. Ага жараша бажы тармагындагы коррупциялык схеманы “гүлдөткөн” мурдагы бийликтерге да керектүү кадр болгондугу айтылып жүрөт.
2005-2006-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясында директордун орун басары.
2006-2007-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында директордун кеңешчиси.
2007-жылы Мамлекеттик бажы комитетинде төраганын биринчи орун басары.
2010-жылдын 9-апрелинде КРнын Бажы кызматынын төрагасы (Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен).
2010-жылдын 16-июлунан 2013-жылдын 8-июлуна чейин КРнын Бажы кызматынын төрагасы (КРнын Президентинин жарлыгы менен).
2013-жылдын июль айында КРнын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган.
2013-жылдын август айынан азыркы учурга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү.
Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны экенин ачыкка чыгарганда КРнын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамын бузду деген күнөө менен депутаттар аны башка өлкөнүн жараны катары кызматтан алууну талап кылышкан.
Кыргыз өкмөтү, Башкы прокуратура Кулматовдун Орусия жарандыгынан баш тарткандыгы Орусиянын Федералдык миграция кызматы аркылуу тастыкталгандыгын маалымдап, депутаттар койгон дооматтарды негизсиз деп табышкан. Коомдук-саясий чөйрөдө Кулматов президент Алмазбек Атамбаев ишеним арткан кадрлардын бири катары саналат. Кулматовду президенттин ыктымал мураскору катары айткандар да бар.