Ош шаарында митинг уланууда. Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов ("Улуттар биримдиги")
"Биз мэр шайлоодо Мелис Мырзакматовго добушубузду берип чыктык. Ага каршы добуш берген 25 депутат имараттын артынан качып чыгып кетти. Шаардык кеңешти таркатышыбыз керек, биздин фракциянын депутаттары мандаттарын тапшырат",- деди. Атазов шайлоого бийликчил депутаттар жакасына видеокамера тагып киришкенин да билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош
шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал
шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго
19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.