Биз социалдык тармакта

"Ажатканага кирип алып өрттөйт". Ташиев пара алган соттун кылыгын айтып берди (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында 4000 доллар пара алууга шектелип кармалышкан прокуратура менен сот кызматкери тууралуу айтып берди.

"Прокуратура алган сумманы судьяга берет. Ал судьяны кармоо үчүн үйүнө барышканда, ал эшигин ачпай туруп, алган акчасын ажатканага кирип алып өрттөйт. Ошол өрттөлгөндө калган күлдөрүн топтоп, экспертизадан өткөрүп жүрүп жоопко тартып жатабыз. Качып кутула албайт. Себеби бизде бардык далилдер болгон", - деди ал Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушууда.

Ташиев прокуратуранын кызматкери камалганын, учурда сотту жоопко тартуу үчүн соттор кеңешине сунуштама берилгенин кошумчалады.

24.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан