Ош шаарынын прокуратурасынын И.С. аттуу кызматкери М.Э. аттуу жарандан 4 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 29-июлда Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кармалган.
Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине Ош шаардык сотунун С.Р. аттуу судьясынын да тиешеси бар экени аныкталган. Сот паранын бир бөлүгүн алган соң өзүнүн батирине жашынып, далил затты (параны) жок кылууга жетишкен.
Учурда тергөө иштери уланууда.