Улукбек Кочкоров: “Чек арадагы талаш-тартыш аймактарды демаркация жана делимитациялоону тездетүүнү айттык”

ЖКнын депутаты Улукбек Кочкоров бүгүн, 15-январда журналисттер менен жолугушуусунда “кабыл алынган токтомдо чек арадагы талаш-тартыш аймактарды демаркация жана делимитациялоону тездетүү айтылган” деп билдирди. 
Анын айтымында, жаңы курулуп жаткан айланма жол тажик тараптын пайдасына чечилбей калууда. Ошондон улам алар Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолдорунун курулушуна тоскоолдук кылышууда. “Алар миномёт менен суу сакталган жерге чабуул жасашкан. Бул жарандарды суусуз калтырууга көрүлгөн аракеттердин бири”,- деди ал.

Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган

Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан