КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жогорку окуу жайлардагы коррупциянын элементтерин атады. Анын айтымында, коррупция окуу жайга жаңы кирип жатканда, сессия жана мамлекеттик экзаменди тапшыруу учурунда көп кездешет. Бул туурасында министр мырза бүгүн, 15-январда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин студенттери менен жолугушуу учурунда билдирди.