Бүгүн, 15-январда Ош
шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал
шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго
19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.
Ош шаарынын аянтына Мелисбек Мырзакматовдун жактоочулары эртең мененки саат 08:30дарда келе башташкан. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканча борбордук аянтка 100дөн ашык атчан, 10 миңге жакын эл топтолду. Шайлоо жыйынтыгы угулуп Мелисбек Мырзакматов эл алдына чыгып, "биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт. Биздин партиядан да сатылган депутаттар болду. Шайлоо адилеттүү өткөн жок, биз мунун акырына чейин чыгабыз. Провокацияга алдырбагыла, милиция кызматкерлерине таш ыргытпагыла. Биздин бул жеңилишибиз алдыдагы жеңишибиздин башаты болот. Алыс жактардан келдиңер, кеч кире электе үйлөрүңөргө кайткыла. Жаз келгенде башкача жол менен иш алып барабыз. Жүрөгүм ооруп турат, жүрөгүм канап, денем дүркүрөп турат. Мени ушунча колдоп келипсиңер, силерге кызмат кылбай коё албайм" деген сөздөрүн айтты.
Эл Мырзакматовдун мэр болушун талап кылып бир топко чейин таркабай, жаңы мэр менен депутаттардын эл алдына чыгуусун талап кылып турушту. "Бул иш боюнча борборго чейин барабыз" деп президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөштү.
Жаз келгенде бул ишти кайрадан улантарын айтып, саат 13:20ларда кете баштаган элдин аягы 16:30дан өтүп суюлду.