Мурдагы депутат Алтынбек Жунус уулу камактан чыкканы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Жунус уулу камактан чыгарылды. Маалыматты бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаардык соту ырастады.

Маалыматка ылайык, чечимди 18-августта Ленин райондук соту чыгарган. Ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Буга чейин УКМК парламенттин мурдагы депутаттары Жунус уулу менен Муратбек Малабаев кармалганын билдирген. Аларга Нарындагы көмүр кендеринин бирин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын тартып алышкан деген айып коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан